Насостук “Гидротаранды” орнотууда кантип колдонсо болот

Рогозин Г. В., к.т.н., Кыргызско- Российский Славянский университет

   Кичине дарыялар, каналдар жана агымдар Кыргыз Республикасынын жеринде эң чоң энергетикалык потенциалды өзүнө алып келет, азыркы учурда ири жана орто гидроэлектростанциясын ар бир онунчу бөлүгү бүткүл бир аймакты камтыйт.

   Кыргызстанда жер запасдары 19,85 млн.гектарды түзөт, алардын 10,8 млн.гектары айыл-чарба жерлерин түзөт, 9,2 млн.гектар жайыт жерлер,ал эми 1,6 млн.гектар айдоо жана башка айыл-чарба жерлери. Сугат жерлердин аянты 1,074 млн.гектарды ээлейт, алардын 0,56 млн.гектары түшүмгө бай жерлер.

              Көйгөйлүү болуп саналат:

  • тоо жана тоо этектериндеги аянты 184,1 миң.гектар үлүш жерлер;

  • тоо кыркаларынын (эңкейиш жерлер 0,03 көп) аянты 269,3 миң.гектар;

  • калыбына келбеген-зыян жерлер (дыйкандардын көз карашы боюнча) аянты 88,8 миң.гектар. Суммасы 542,2 миң.гектарды түзөт.

   Кайра куруу мезгилине чейин Кыргызстанда кайрак жерлерге суу берүүдө 65 мамлекеттик жана 153 ички чарбалык насос станциялары иштеп турган, сугат кайрак жерлердин аянты болжол менен 200 миң.гектарды түзгөн.

СССРдин кулашы менен ондогон электр насостук станциялары бузулуу себептери боюнча алынган, электр берүү линияларын жана жабдууларын уурдоого өткөн. Насостук станцияларды калыбына келтирүү жана ЛЭП капиталдык жүз миллионду талап кылган, а балким миллардаган сомду талап кылган. Ошондуктан айыл-чарба продукциясынын өздүк наркы жерлердин сугарылышы дээрлик 10 эсеге жогорулаган, өздүк сугарууга жана электр энергиялуу насостун станциялары колдонгонго субсидиялары пайдасыз болгон.

   Жерлерди менчиктештирүү чакан жана орто фермердик чарбаларды кеңири өнүктүрүүгө чоң түрткү берген. Дыйкандар тоо жерлериндеги дың жерлерди иштеткенди жакшы өздөштүргөн,  жерлер түшүмдү мол бергенге жөндөмдүү болгон, бирок аларды сугаруу үчүн суунун бийик көтөрүлүүсү талап кылынган. Жашоонун маанилүү аспектилерин камсыз кылуу үчүн жылуулук жана электр энергиясы өтө зарыл болгон. Бул нерселерди орто жашаган дыйкан аз кирешесинин негизинде кымбат баада турган электр жабдууларын камсыз кыла алган эмес.

   Дүйнөлүк тажыйырбада кээ бир аймактар жок кылынган, себеби электр энергиясы менен камсыз болбогон. Айлана-чөйрөдөгү экологияны сактап калуу үчүн, шамалдын күчүн колдонгон, күндүн энергиясын жана дарыядагы, каналдагы суу агымдарынын энергиясын колдонгон. Кыргызстанда “Роза” шамалы туруктуу эмес эле жана аба агымынын тынч абалдагы убактысы менен алектенген. Техникалык каражаттардын негизинде күн нурун пайдалануу өтө көп чыгым болгондуктан орто дыйкандын чөнтөгүнө тура келген эмес. Эң эле туруктуу жана арзан болуп тоо-тоо этектериндеги дарыя суу агымдары жана тоо чокусундагы муз ээриндилери камсыз кылган. Байыркы мезгилдерден бери “Чигир” же “ Чарполак ” деп аталган суу дөңгөлөгүн пайдаланган, ал суу агымынынын ылдамдыгы менен иштеген.       Акыркы убактарда окумуштуулар Кыргызстандагы мындай орнотуулар  “дөңгөлөк-редуктордуу насос” схемалары өтө жогору колдонуп жатат, өткөзүлгөн редукторлордун саны 50дөн 150гө чейин болгон. Суу дөңгөлөгү спиралдуу пластмасса түтүкчөлөрүнүн негизинде сугат мезгилининин жарааты аркылуу колдонуп турган. Биринчи конструкция редукция системасындагы коэффициентти азайтып пайдалуу орнотууга түрткү берет. Эки түзүлүш тең максатка жетүү үчүн кеңири каналдардагы жана дарыялардагы суу агымынын ылдамдыгы секундасына 1м ден ашык болгон кыймылды колдонот.

   Энергия сыйымдуулугунун принциби болуп кыска түтүкчөнүн ичиндеги гидравликалык соккуну пайдалануу, адегенде суу агымына ылдамдатуу жүрөт, андан сон аны тез аранын ичинде токтотуу, жарылуу мүнөздөмөсү гидравликалык түрткүнүн-гидро соккусу, андан кийин суу агымы кетенчиктеп калат. Атайын даярдалган клапан системасы автоматтык режимде көп жолу кайталанылат. Кыска убакыттын ичинде энергия чыгаруудан басымдын көлөмү колдонуудагы басымдан 30-40 эсе ашып түшөт.

   Алгачкылардан болуп гидравликалык соккуну изилдөө эмгектери Н.Е.Жуков тарабынан жүргүзүлгөн. Орнотулган сууну жогорку деңгээлге көтөрүүчү  гидравликалык сокку гидротаран деп аталган. Биринчи гидротаран 19-кылымда Франциядагы Монгольфьер бир туугандар тарабынан иштелип чыккан. 20-кылымдын башында жана ортосунда гидротаранды илимий изилдөө эмгектери Д.И.Трембовельге, А.Я.Калабугинге, В.М.Овсепянга, А.А.Искандарянга, Г.М.Тимошенге, М.С.Харченге, В.П.Унуковичке, Я.В.Бочкаревке ж.б. өткөзүлүп берилген. Д.И.Трембовельскийнин демилгеси боюнча 20-кылымдын 30-жылдарында СССР тарабынан “Таран” заводу курулган.

   Ѳлкөдөгү эң күчтүү электирлештирүүнү өндүрүү үчүн энергия булактары арзанга турган, ошондуктан “Гидротаранды” өндүрүүдөн жана базар сатыктарынан алып таштаган. СССРдин кулашы менен мындай электр булактары б.а. күйүүчү майлар, электр энергия дүйнөлүк денгээлге чейин өскөн. Кайрадан кымбат эмес жаратылыш булактарын колдонуу көйгөйүн жараткан.  Ошондой эле айлана-чөйрөнүн экологиясын сактап калуу эң эле курч көйгөй жараткан.

   Мурдагы тажыйырбаны колдонуп гидротарандын жаңы мууну, ийкемдүү келген материалдарды колдонуп шыкап толтуруу элементтерин бекитип жаңы түрүн иштеп чыккан. Бул бир катар конструкциянын камсыз кылып көлөмүн кеңейтип ийри сугат жерлерди сугаруу санын көбөйткөн. Эгерде түтүкчө соккусунун диаметри 200мм ден ашык колдонсо, биз орноткон түтүкчөлөрдүн диаметри 700-800мм ден ашык колдонгон. Жыйынтыгында өндүрүмдүүлүгү он эсеге жогорулаган. Гидротарандын иштөө кызматы туруктуу болгон, жумушчу басымыдын диапозону кеңири өзгөргөндүктөн ар кандай суу агымдарын киргизген, кумдарды, майда шагылдарды, балырларды жана майда сүзүп жүрүүчү суу жандыктарын, алар насостун иштөө жөндөмдүүлүгүнө терс таасирин тийгизген эмес. Гидротаран кыш мезгилиндеги 25 градус суук аба шарттында да иштөөгө жөндөмдүү.

1-cүрөт Сактоо сыйымдуулугу

2-сүрөт Бетондуу көлмө

3-сүрөт ГТ-200 гидротран орнотулган

4- сүрөт Көтөрүлүп чыккан суу

   Экономикалык эсептөөлөргө салыштырмалуу гидрпотарандын кайрак жерлерге суу тартып чыгаруусу 5 эсе электр энергиясынын жардамы менен иштөөчү насостордон, 11 эсе дизелдик насос станцияларынан арзан болгон.

Гидротаранды чакан жана орто каналдарга, таштанды көлмөлөргө жана дренаждуу тармактарга, суу сактагычтарга, дрыяларга ж.б. суу булактарына , кайсыл жерде суу агымы бар болсо, суу деңгээлиндеги бурч жерлерге орнотсок болот. Ал техникалык даярдалуу жагынан жана бир түрдүү түтүкчөлөрдү колдонуп, колдонууга ыңгайлуу. Анын иштөөсү үчүн жумушчу басым зарыл, кыска түтүкчөнү камсыз кылууда клапандын соккусу ылдам болуушу керек, автоматтык түрдө титирөө калыбына келет жана жапканда гидравликалык соккуну кошот. Гидро сокку учурунда жумушчу басымына салыштырмалуу басым он эсеге жогорулайт, жеткирүүчү клапан тез аранын ичинде аба колпакчасына тапшырылат, кайталанып жеткирүүдөн кийин жабылат, а колпакчадагы абаны кысканда суу жогору көтөрүлүп элпек түтүкчө аркылуу өтүт кетет. Гидротран (ГТ) кайтланып иштөөгө жөндөмдүү, сууну бөлүп берет. Кайталанма жыштыгы жумушчу басымдан көз каранды, сокку түтүкчөсүнүн узундугу жана бийиктике көтөрүлүүсү өндүрүлдүүлүгү сыяктуу эле. Орточо жыштыктагы ГТ соккусу минутасына 15-60 жолу согот. Бул түзүлүш Кыргызстандын KG 521, Евразиянын №003722 патенттери менен 2003-жылы патенттелген.

   Гидравликалык тарандын он өлчөмдүү түрү айыл чарбаларынын жана суу чарбаларынын муктаждыктары үчүн ГТ-60 тан ГТ-800 гө чейин иштелип чыккан (түтүкчөнүн диаметри шарттуу түрдө сан менен белгиленет). Чакан түрү короо-жайларга жана дача жерлерге, орточо түрү 1-5 гектарга чейинки сугат жерлерге, эң чоңу бир эле орнотулганы 10-30 гектарга чейинки сугат жерлерге суу жеткирүүгө жөндөмдүү. Кассетный түрүда иштелип чыккан, ал бир канча гидротаранды бирге орнотуу үчүн. Бул орнотуу ошол эле аймакта бар болушу мүмкүн же жасалма жол менен жасап алышы мүмкүн.

   Тоо-тоо этектериндеги гидротарандык орнотмолордуу жана колдонуулардын бир канча жолдорун карап көрөлү. Аламүдүн дарыясы, Беш-Күнгөй айылындагы «Энергетик» дача кыштагы. Гидротаран ГТ-100 ток менен иштөөчү насостун ордуна ошол эле дарыяга орнотулган, күз, кыш жана жаз мезгилдеринде суу эч кандай электр энергиясын талап кылбайт, ал эми июль-август айларында суу ташкындап сел болот. Дарыянын оң жээги бийиктиги 35 см болгон бетон менен тозулган, ал эми байланыш боюнча суу агымынын таш-шагыл жээгинен 10м аралыкта жайгашкан. Ага өсүмдүктөрдүн сабагы чөптөр жана үстүнөн полиэтилендүү пленка менен жабылган. Жыйынтыгында кыска деривацианалдуу канал же узун шпора келип чыккан, 30-40см айланпаны пайда кылган. Ток менен иштөөчү түтүкчө кумга орнотулуп катырылган, диаметри 114мм, узундугу 30 м, ал эми акырындагы тешикчелер гидротаран ГТ-100 менен жабылган. Аба колпакчасындагы гидротран жер менен кетет, пластмассалуу түтүкчөнүн диаметри d=32 мм, узундугу l=180 м. Бул түтүкчөнүн көлөмү V=4 , дача үлүшүнөн жайгашкан бийиктиги h= 30 м. Клапан соккусунун жыштыгы n=13 түзөт жумушчу басымдагы сокку минутасына z=1,2 м. Орнотуу өндүрүмдүүлүгү q=300 л/саат, бочка t=14 саатта толот.

   Бул аймак 1-сүрөттө көрсөтүлгөн. Аламүдүн дарыясынын төмөн жаагындагы оң жээгиндеги дача участогу «Лесоводко» деривациондуу каналына ГТ-100 орнотулган, сууну h=17м бийиктике көтөрүлүшүн жүзөгө ашырат, беттондуу көлмөнүн көлөмү V=8,0 куб.м. Көлмөнүн алдыңкы бөлүгүнөн суу агып өтүүчү түтүкчө тамчылаткыч менен курулган, отургузулган көчөттөрдү сугаруу үчүн серпентин коюлган. Клапандын титирөө соккусунун жыштыгы n=38 сокку/мин, өндүрүмдүүлүгү q=400 л/саатына, көлмөнү толтуруу убактысы саатына t=20.

Көлмөнүн сүрөтү 2- сүрөтө көрсөтүлгөн.

   Кашка-Суу айылындагы дача кыштагы «Гидротехник», Ала-Арча дарыясында. Бул жердеги дарыя шагылдарынан бийиктиги 0,7м болгон дамба орнотулган, диаметри 219мм болгон түтүкчө жайгашкан, узундугу 60м, а аягында гидротарандын ГТ-200 сырты менен бекитилген. Түтүкчөнүн басымынын диаметри d=100мм, узунунан l=150м чыгат дача жеринин аянты w=0,5 гектар, жайгашкан бийиктиги h=26 м. Гидротарандын жумушчу басымы z=2,0 м клапандын термелүү жыштыгынынын соккусу n=13 сокку/мин, өндүрүмдүүлүгү q=108 /сут.                                                                                           Бул аймак 3-4-сүрөттө көргөзүлгөн.

 

   Аламүдүн районундагы Арашан айылы демонстрациялык “токой пайдалануучулардын жана жер пайдалануучулардын Ассоциациясынын” участогунун сугат жер аянты w=1 гектар. Беттондуу каналга ГТ-200 орнотулган, торлуу куйма түбүнөн момент бекитилген, ал эми карама-каршы түтүкчөнүн соккусу гидротарандын сыртын кармайт же анын акыбалы иш оордун тигинен ремонттоого ылайык. Суу агымынын ылдамдыгында кинетикалык энергияны колдонот жана статистикалык бириктирүүгө жөндөмдүү. Жумушчу басым z=0,9 м, түтүкчөнүн басымынын диаметри d=50мм, l=100м, h=4,5м, q=69 м/сут. 

 Аймактын сүрөттү 5-сүрөттө көрсөтүлгөн.

   Баткен областы,  Кадамжай району, Мады айылы, Пум дарыясы. Бул жерге суу кабыл алуучу кудукча жайгаштырылган, соккулуу түтүкчөнүн биргелешкен  конструкциясы   менен жабылган: биринчиси 20м, диаметири 325мм, экинчиси 50м, диаметри 219мм. Соккулуу түтүкчөнүн жалпы узундугу 70м. Басымдуу пластмасса түтүкчөсүнүн диаметри d=75мм,  жалпы узундугу l= 850м. Жумушчу басым z=7м, көтөрүү бийиктиги h=90м, өндүрүмдүүлүгү q=28,5м³/сут., сугаруу аянты w=4 гектар тамчылатып сугаруу үчүн жасалган.  

  6-сүрөттө коё берүүгө даяр турган учурун көрсөк болот.

5-сүрөт ГТ-200 бетондуу каналда

6-сүрөт Гидротаранды коё берүү бурчу

   Чүй обулусундагы Озерное айылындагы балык чарбасы. Суу чыгаруудагы шандор түрү орнотулган ГТ-300 түтүкчө соккусу жана аба колпакчасы суу алдында жайгашкан, ал эми клапандын соккусу атмосферанын таасири астында. Жумушчу басым z=1,3м, h=5,0м, q=604 м³/сут.

 Бул аймак 7- сүрөттө көрсөтүлгөн.

   Чүй облусундагы «Совхозный» каналы ток менен иштөөчү насос менен.

Дубалдын капталы түз өтүүчү канал менен бекитилген, жантайыңкы болуп бириккен жумшак коё бергич коюлган, түтүкчө соккусунун диаметри 325 мм, каналдын түбүнө карата жайгашкан. Оң жагынын аянты w=4,0 гектар болгон жер үлүшү жайгашкан, пландалган бийиктигинин бийиги 2 ден 4 м ге чейин. Жумушчу басым z=1,0 м, h = 4,0 м , q = 864 м³/сут.

 Бул аймак 8- сүрөттө көрсөтүлгөн.

7-сүрөт Суунун  ГТ-300дөн чыгуусу

8-сүрөт ГТ-300 ток менен иштөөсү

   Гидравликалык таран чечүүчү кызмат кылат, Гидропульстуу чакан ГЭС KG 680 патенти менен 2003-жылы патенттелген. Лабароториялык изилдөөлөр Кыргыз - Орус Славян окуу жайындагы «Гидравликалык жана Гидроэнергетикалык» лабороториясында жүргүзүлгөн.

9-сүрөттө гидропулустуу чакан ГЭСтин модели орнотулган.

Техниклык мүнөздөмөсү.

Жумушчу басым ………………………...........................................1,87 м;

Клапан соккусунун суу чыгымы ……….………….…...................1,20 л/с;

Маховиктин массасы ……………………………………………….26 кг;

Маховиктин ылдамдоо убактысы жеке өткөрүүдө.....................….850 об/мин;

Манометрдин көрсөткүчү …………………………………………..3.5 кг/см².;

Лампочка 6,3 вольт, 0,3 амперде ………………….……..................3 шт.

Корутунду

   Техникалык чечим боюнча Гидротаранды ишке киргизүүдө аймактын чакан бөлүгү болуп саналат. Сугат жерлерди сугаруудагы суу агымын экономдоо ишин көргөзгүбүз келген. Биз тарабынан иштелип чыгып жайылтуу максатында  ОСО «Траст KG» 7 гектарды жана андан башка аймактарды суу менен камсыз кылуу иштерин ишке ашырып жатат. Массалык колдонууларда биздин иштеп чыккан ишибиздин негизинде турак жай салышат, тоо этектериндеги жана боор жерлердеги гүл бакчаларын жана ар кандай мөмө бактарын суу менен камсыз кыл.  

© 2016 ОсОО "Гидропульс" Сайт создан на базе платформы Wix при поддержке z-Studio