Сугаруу жөнүндө

Байыркы учурда сууну 1 метрден 5 метрге чейинки бийиктике көтөрүп айланып иштөөчүү  “чигир” деп аталган дөңгөлөк сыяктуу өткөзгүчтү колдонгон. Ошондой эле окумуштуулар тарабынан редуктор аркылуу көп баскычтуу насос түтүгүнө берилүүчү суу дөңгөлөгү иштелип чыккан. Бул конструкциянын ылдамдыгы суу агымынынан 3,0 м/с иштейт. Биздин көз карашыбыз боюнча кенири жайылган дарыянын ылдыйыш жагынан жогорку ылдамдыкта иштетүү максатында колдонушкан.

Суу дөңгөлөгүнүн спираль түрүндө оролгон шлангасы сууну жогору бийиктике көтөрүүчү касиетке ээ, бирок анын өткөрүмдүүлүгү өтө жай болгондугуна байланыштуу мал сугарганга жана кичинекей сугат жерлерин сугарууга сунушталган.

Эң эле тыкан болуп кыска убакыттын ичинде техникалык жактан стандартуу түтүкчөлүрдүн жардамы аркылуу иштелип чыккан суу насосу “Гидротаран” эсептелинет. Анын иштөөсү үчүн суу басымы же сууну дирилдетип туруучу арматура керек эмес, кыска түтүкчөнүн ичинде сууну жогорку ылдамдык менен чыгарууну камсыз кылат, автоматтык түрдө титирөө режимине келет акырында гидротехникалык соку жаратат. Гидро сокку учурунда иштелип жаткан суу басымына салыштырмалуу суунун басымы он эсеге жогорулайт, суу көз ирмегиче шыкап толтуруучу клапан аркылуу өтүп абадагы колпакчага тапшырат, бул кайталанмадан кийин шыкап толтуруу жабылат аба колпакчасында кысылган суу жогору бурулган түтүкчө аркылуу берилет. Гидротаран (ГТ) кайталанып иштеп, сууну бөлүп-бөлүп берет. Түтүкчөнүн сокку узундугу жана бийиктиги иштелип жаткан насостун кайталануучу жыштыгынан жана өндүрүмдүүлүгүнөн көз каранды. Орточо жыштыктагы ГТ минутасына 20-60сокку менен сууну кеңири жайылтат.

Гидротаран долбоорунун командалары
Рогозин Григорий Васильевич
Рогозин Александр Григоьевич

КРСУнун архитектура,  дизайн жана курулуш факултетинин, Гидротехникалык курулуш жан суу запастар кафедрасынын доценти, Гидравлика жана Гидроэнергетика лабораториясынын жетекчиси, техникалык илимдердин кандидаты, ойлоп табуучу. “ГидроСнаб Коомдук Бирикмесинин” илимий консультанты. “Гидротаран”  насостук орнотмолорду иштеп чыгуучу, гидроимпульстун чакан ГЭСи, ойлоп табуучу Кыргызстанда 35 патентке ээ, Казакстан, Россия жана Евразия патентинин негиздөөчүсү. 30-илимий макалаларды басып чыгарган, ВОИС (ИМБДУнун) Алтын медалынын ээси болуп саналат.

© 2016 ОсОО "Гидропульс" Сайт создан на базе платформы Wix при поддержке z-Studio